Бугу 17, 2024
Убакыт: 02:50
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

М.Абылгазиев: Бул жыл саясий жактан активдүү болору күтүлүүдө

09.03.2020 17:32
1060
М.Абылгазиев: Бул жыл саясий жактан активдүү болору күтүлүүдө


«Учкун» полиграфиялык комплексин модернизациялоо менен өлкөнүн мезгилдүү басылмалар рыногунда анын алдыңкы орунга ээ болушуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Учкун» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышкан учурда билдирди.


Өкмөттөн маалымдагандай, учурда гезит-журнал цехи айына 43 мезгилдүү басылманы чыгарат. Муну менен катар жабдууларды оңдоо жана баасы 3 млн сом болгон станокторду сатып алуу чыгарылган продукциялардын ассортиментин кеңейтүүнү жана көлөмүн көбөйтүүнү шарттайт.


«Бул жыл саясий жактан активдүү болору күтүлүүдө. Албетте ар кандай мезгилдүү басылмаларга буюртмалар мурдагыдан көп болот. Бул убакыттын аралыгында иштеп алуу жана жаңы жабдууларга кеткен акчаны таап алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан керектүү техникаларды сатып алуу үчүн каражат табуу маселесин карап чыгуу керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн