Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:28
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Абылгазиев отставкага кетсин же команданы бекем кармашы керек, - Жээнчороев

01.04.2020 18:51
900
Абылгазиев отставкага кетсин же команданы бекем кармашы керек, - Жээнчороев


Депутат Мирлан Жээнчороев бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевден мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын кызматтан кетүүсүнө эмне себеп болгонуна кызыгып суроо салды.


Мындан ары премьер-министр болуп иштегенге моралдык укугуңуз барбы? Себеби, азыркы учурда өкмөттүн курамы 95 пайызга өзгөрдү”, - деп айтты депутат.


М.Абылгазиев кызматтан кеткен жетекчилер өз каалоолору менен кеткенин айтып, өкмөт башчы катары иштей берүүгө моралдык укугу бар экенин билдирди.


Азыр сиз жана сизден башка бир-эки эле киши калды. Командаңыздын баары кызматынан алынды. Мен ойлойм сиз дагы отставкага кетишиңиз керек же жаңы команданы карантин бүткөнчө бекем кармап, андан кийин чечим кабыл алышыңыз зарыл”, - деп белгиледи Жээнчороев.

Анын мындай пикирине өкмөт башчы “аны сиздер чечесиздер”, - деп жооп берди.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн