Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:13
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

М.Аманкулов: Тарыхты өзгөртүүнү каалаган күчтөр бар

24.06.2020 13:01
1107
М.Аманкулов: Тарыхты өзгөртүүнү каалаган күчтөр бар


Тарыхты өзгөртүүнү каалаган күчтөр бар. Бул тууралуу Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган акцияда Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов билдирди. 


Анын айтымында, тарыхты бурмалабай сактап калуу негизги милдеттердин бири. 


"Бул күчтөргө жалпы Евразиянын аймагын бириктирип турган Улуу Жеңиш сыяктуу иш-чаралар пайдалуу эмес. Ошондуктан алар советтик жоокерди оккупанттын бошотуучусу катары жана саткындарды фашизмди колдогон улуттук баатырлар катары көрсөтүүнү көздөшөт. Биз буга каршы турушубуз керек. Акциянын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирем. Ушул сыяктуу жолугушуулар көп болушу керек жана балдар тарыхты билип, аларда партиоттуулук тарбияланышы шарт",  - деди Аманкулов. 


Баатырлардын элесин эскерүүгө Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишкерлер, Кыргызстан менен Россиянын Чек ара кызматынын өкүлдөрү катышты. 


Акция "Евразиялыктар — жаңы толкун" фонду тарабынан уюштурулду. 







Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн