М.Ашыров Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, шайлоо санитардык-эпидемиологиялык чараларды сактоо менен 21-сентябрда саат 09:00дөн саат 12:00гө чейин өттү. Ага айылдык кеңештеги 11 депутат толук катышты. Жыйынтыгында катышкан депутаттардын 10у – М.Ашыровго, 1 депутат каршы добуш берген.
Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжасы боюнча арыз, даттануулар түшкөн эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн