Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 23:40
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

МЧСтин тамагын ким жеди?

13.01.2021 09:14
613
МЧСтин тамагын ким жеди?

Кубатбек Боронов финполго сурак берип чыкты. Коронавирус боюнча ар бир тыйындын сары изине түшүп сая куушубуз керек.


Кымбат келишимдер, тендердин баары, айлык маяналардын ар бири кылдат эсептелиниши керек.


Урматтуу коомчулук!


Жазда жанды оозго тиштеп аман калганыбызды бир эстеп, акыйкаттыкты биз да активдүү талап кылып туралы!


Ошол оор учурда мага ондогон врачтар, медайымдар айлыктарын кеч алганын, ала албай калганын, кошумча берилет деген акчалар берилбей калганын ыйлап жазчу элеңер. Азыр эми унчукпай калбай, кайрадан фактыларды, маселелерди ачыктап, укук коргоо органдарына жардам берели!


Урматтуу чегарачылар, МЧСтегилер, ИИМдегилер!


Канчадан айлык алып жаттыңар, тамак-ашты ким ташып берип жатты тымпыйып калбай ачыктап тургула. Балким силедин үстүңөрдөн тон бычып, силерге жетпей чоңдоруңар миллиондорду шыпырып кеткен болсочу?!


Мисалы, мага чегарадан балдар чалып, ковид жуктургандарды тосуп алган Чүйдүн, аэропорттун чегарачыларына кошумча акы берилбей, тээ ковид жетпеген, чегарадан поток кишилер өтпөгөн, ээн Көл, Нарын, Таластагы чегара бөлүктөрүнө көп акчалар списание болуп кеткенин какшап аттыңар эле. Ошолорду эми дагы бир айтып чыкчу кез келди! Адамзаттын башына апаат түшүп турганда жардамга келген акчалар кайда кеткенин ар бирибиз талап кылышыбыз керек!


Мисалы, МЧС канча  миллион сом постто турган күзөтчүлөргө тамак-ашка кеткенин билдирди эле. А биз постторду кесип өтүп жатканда аларга ыктыярчылар, элчиликтер, достор, аяштар тамак жеткирип жатканын айтышчу. Анда МЧСтин тамагын ким жеди?


Кыскасы, кайдыгер болбогула! Коррупция жалпыбыз күрөшкөндө гана жоюлат!


Тынчтык Алтымышев, журналист, коомдук ишмер

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн