Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери өкмөткө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Юруслан Тойчубековду кармашты. Маалыматты атайын кыхматтан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, мурдагы чиновник MCN Coin ишине байланыштуу 10-февралда кармалган. Ал каржы пирамидасын түзүүгө айыпталууда.
Эске салсак, февраль айынын башында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет MCN Coin виртуалдык активинин негиздөөчүлөрүнүн бири Исрадин Субанбековду кармаган. Кийинчерээк алар алдамчылыкты мойнуна алган видеону жарыялашкан. Анын айтымында, ишкана бир жарым жыл ичинде жарандардан 2,5 миллион доллар чогулткан. Буга чейин Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы мамлекеттик каттоодон өтө элек жана тиешелүү реестрлерге кирбеген MCN Coin виртуалдык активине инвестиция салуудан эскерткен.
Биринчи радионун түз эфиринде ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын 4-башкармалыгынын кызматкери Данияр Закиров MCN Coin виртуалдык активинин негиздөөчүлөрүнүн аракетинен жапа чеккендерге 1 миллион 700 миң доллар кайтарылганын билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн