Бугу 08, 2024
Убакыт: 04:08
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

МИлерге болгон кызыгуу же «күнөөсүз байкуш» Нурия Кутнаева

27.04.2021 18:30
2036
МИлерге болгон кызыгуу же «күнөөсүз байкуш» Нурия Кутнаева


Акыркы күндөрдө ЖМКларда жана коомчулукта мамлекеттик беш IT-ишкананын директорлорунун ээлеген кызматынан бошотулуусу жөнүндө жаӊылык апыртылган түрдө активдүү талкууланууда.  


А маселе чындыгында кандай болгон? Биз бул жагдайдын көшөгө артындагы тарабынан да коомчулукту кабардар кылып койгубуз келип турат. Ошентип коомчулукта жана маалымат каражаттарында мындай жаңылык түрдүү өңүттө айтыла баштаары менен «Түндүк» МИнин директору Нурия Кутнаева алдыга озуу менен мамиле кылууну чечип, социалдык тармактагы өзүнүн баракчасына өз кызматын таштап жаткандыгын жазды. Кыязы алданенин алдын алгысы келдиби?..


Ал өзүнүн досу жана соратниги Таттуу Мамбеталиева менен бирге СӨМКтүн төрагасы кызмат ордуна өзүнүн адистеринин бироосун дайындоо максатында Өкмөттүн Аппаратынын жана Транспорт министрлигинин эшигин кагып чыккан. «Эмне үчүн?» деп сурайсыз го. Бул аракеттер ГИИП менен Digital Casa долбоору багытында санариптештирүү чөйрөсүндө ЧУАны жазууга 3 млн $ ашык суммада келишим түзгөнгө өзүнүн адамы жардам берүүсү үчүн болгон. Сиз чындап эле бул 3 млн доллардын бардыгы (бул абдан чоӊ акча) ЧУАны жазганга кетет деп ойлойсузбу?


Бул «Түндүк» МИнин директорунун айлык маянасы айына 84 миӊ сомду, же жылына 1 008 000 сомду түзгөндүгүнө карабастан болуп жатат.


Ал эми укканыбыз боюнча ишкананын башка кызматчыларынын ай сайын алган маяналары:

- директордун орун басары – айына 82 500 сом же жылына 990 000 сом;

- бухгалтер жана IT-юрист – айына 53 250 сомдон же жылына 639 000 сом;

- IT-юрист жана кадрлар боюнча адис – айына 68 000 сом;

- юрист – айына 50 250 сом же жылына 603 000 сом.


Салыштыруу үчүн КР МТБМКнын (азыр КРӨгө караштуу СӨМК) кызматчыларынын орточо айлык маянасы 15 000 сомду түзөт. Эми, санариптештирүү боюнча ведомствонун борбордук аппаратында ошол эле ишти аткарган квалификациялуу кызматчылар бар экендигине карабастан, эмне үчүн «Түндүк»  МИ штатты мындайча көбөйткөн?


Андан тышкары, «Түндүк» МИнин кызматчыларында ченемден ашык иштөөлөр үчүн кошумча төлөөлөр, сметалык сый акы, зыяндуулук үчүн компенсация да бар экен.    


Ошондой эле мамлекеттик ишкана өзүнүн 2020-жылга карата бюджетинин «Тамак-аш азыктарын сатып алуу» беренеси боюнча чыгашаларына 96 000 сом суммасын киргизген. Эгерде сөз эмгек шартынын зыяндуулугу үчүн компенсациянын эсебинен кызматчыларга берилүүчү сүт азыктарын сатып алуу жөнүндө болуп жатса, анда бул чыгашалар КРнын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №258 «Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, «Эмгекке болгон шарттын зыяндуулугу үчүн кызмат акыга 20% өлчөмүндөгү компенсация» беренеси боюнча Чечмелөөдө каралган.


Биз бардыгыбыз, адамга дайыма аз боло бергендигин, анын каалоосу улам өсө берерин, ал барган сайын бардыгын дароо ээлеп калгысы келээрин билебиз. Бирок, мында сөз мамлекеттик бюджет жөнүндө болуп жатпайбы. Так ушул «Түндүк» МИ мамлекет тарабынан каржыланган дотациядагы ишкана болуп саналарын эске сала кетели. 


Жогоруда айтылгандардан улам, бул жетекчи «кызмат ордун бошотуу» жөнүндө ою жок болгондугун дароо түшүнсөк болот. Эми болсо, ал, IT-чөйрөсүндө көп ишти жасагандыгына карабастан, аны сыртка сүрүп жатышкандыгын жана ал аябай бир чоӊ таш боордукка туш болгондугун болушунча көрсөткүсү келип жатат. Чындыгында бар болгону анын планы ишке ашпай калганынан улам ушундай аракетти жасап жаткан жокпу?


Эки подружканын өздөрүнүн көмүскө иштерин КР МТБМКнын мурунку төрагалары болуп турганда жасашкан. Бардык мамлекеттик органдар кайра түзүлгөндөн кийин, эми КРӨгө караштуу СӨМКгө жаӊы жетекчи келди. Ал эми жаӊы бийлик, жаӊыча шыпырат эмеспи… Ушул жерде эки достун түшүнө кирбеген иштер башталды. 


Кайрадан жумуштан бошотууларга кайрылалы. Журналисттердин бул чечимди түшүндүрүү жана анын себептерин белгилөө жөнүндө СӨМКгө кайрылуусунан кийин, алар «мамлекеттик маалымат системаларын иштеп чыгуу жана коштоо боюнча кайталама функциялары бар ведомстволук мамлекеттик ишканалардын иштөөсүнө талдоолор жүргүзүлгөндөн кийин милдеттүү эмес финансылык жана административдик чыгымдардын болгондугу белгиленген» деп жооп беришкен. Ооба, албетте… ушундай айлык маяналар менен.


«Түндүк» МИ мамлекеттик бюджеттен каржылана тургандыгын дагы бир жолу эске салгым келди. Бул болсо, сиз менен биздин, биздин салыктардын, жөнөкөй элдин кыйшаюсуз төлөөсүнүн эсебинен чогулган акчалар. Жок дегенде эми укук коргоо органдары кызыкдар болуп өз иликтөөлөрүн баштайт деген үмүттөбүз.  


Өкмөткө жана СӨМКгө суроо бергим келип жатат: Аларга мындай айлык маянаны ким бекитип берди экен? Жана булардын бардыгын ким көзөмөлдөдү экен? Анткени «Түндүк» МИ 2017-жылдан бери иштейт эмеспи.


Жана бейөкмөт уюмдун мүчөсү качан эми мамлекеттик кызматтын кадрдык жана финансылык маселелерине киришкенин токтотот?


Көрүп турганыӊардай суроолор толтура. Аларга жоопторду алабыз деген үмүттөбүз.

 

Шаршенбай уулу Нурлан, IT эксперт

Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт

Экинчи тарап оюн билдирем десе, орун берүүгө даярбыз

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Аке
бей окмот уюмдар жок болмюнча, сырттан келген бекер каржылоо жана башка финансы булактарын тыйуу салу керек. эмесем Кыргызстан эчкачан онукпойт! Ушуну биз баарыбыз акты кактай, караны карадай айрымалай билишибиз керек. Жалга жалаа малыматтары оздорунун кишилерин коргоо жана котормолоо учун булардын СМИ лери элдин оюн бурмалашат.
Бек
Айына 84 мин сом манаясына дагы 84 мин сом премия бар имиш, ошону менен бирге жылына 2 млн сомдон ашык пул чыгат. 2 мин Долл айлык - аз гана жеке компания берууго мумкунчулук бар, ал Эми бул Тундук - мамлекеттен пул алат да. Уят деген жок.
Айсулуу
Айти юрист деген кесипти Ким Деги ойлоп тапкан😂😂эмнени кана ойлоп чыгышбайт🤦👌🏻‍♀️Айлыгын кобуроок кылыш учун айти дегенди кошуп койдубу же биздин налогторубуздан