Бугу 17, 2024
Убакыт: 02:26
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

ММК фондунун 16-июлга карата бюджетинин аткарылышы боюнча маалымат

16.07.2020 19:36
972
ММК фондунун 16-июлга карата бюджетинин аткарылышы боюнча маалымат



Бүгүн, 16-июлга карата Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине бардыгы 7043,7 млн сом келип түштү, анын ичинде республикалык бюджеттен 5758,9 млн сом жана Социалдык фондунан 1284,8 млн сом бөлүндү.


ММК фондунун төрага орун басары Акылбек Калыковдун маалыматында, фонддун киреше бөлүгү бекитилген пландын 93,5%ында аткарылды. ММК фонду бардык келип түшкөн каражаттардын ичинен 6288,3 млн сомду медициналык кызматтарды каржылоого багыттады, анын ичинде:

- Эмгек акыга жана Социалдык фондго чегерүүлөргө - 4082,8 млн сом;

- дары-дармек каражаттарын сатып алууга - 822,9 млн сом;

- тамак-аш азыктарын сатып алууга - 164,5 млн сом;

- коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө - 295,2 млн сом;

- транспорттук чыгымдарга, анын ичинде медициналык тез жардам үчүн күйүүчү-майлоочу майга - 28,8 млн сом;

- ошондой эле башка кызматтарга - 21,3 млн сом жумшалды.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн