Бугу 20, 2024
Убакыт: 20:18
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

ММКФ дарыгерлердин айлыгын көтөрүү үчүн 1,5 млрддан ашык сом бөлөт

03.08.2021 15:54
487
ММКФ дарыгерлердин айлыгын көтөрүү үчүн 1,5 млрддан ашык сом бөлөт

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду медицина кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү үчүн кошумча 1 миллиард 612 миң сом бөлдү. Анын ичинен 333 миллион 265,2 миң сому июль айындагы маянага кошулат. Бул тууралуу ММКФнын басма сөз кызматы билдирди.


Белгилүү болгондой, 1-июлдан тарта дарыгер жана башка медициналык персоналдын айлыгы 50 пайызга көтөрүлдү. Ал эми техникалык кызматтарды көрсөткөн кенже персоналдын айлыгынын негизги бөлүгүнө 1,4 коэффициент белгиленди.


Натыйжада кошумчадан кийин орточо айлык мындай болуп калды: дарыгерлер —12 897 сом (мурда 8 598 сом болчу), орто медициналык персонал — 11 739 сом (мурда 7 826 сом болчу), техникалык кызмат көрсөткөн кенже персонал 9 989 сом (мурда 6 659 сом болчу) алат

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн