Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 06:36
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

МСК 1-сентябрга чейин мүлк салыгын төлөө керектигин эскертет

22.08.2024 10:03
430
МСК 1-сентябрга чейин мүлк салыгын төлөө керектигин эскертет


1-сентябрда транспорт каражатына, турак үй, батирге жана жер тилкелерине салык төлөөнүн мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Салык органынан белгилешкендей, салыкты белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндөргө жана мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептерди убагында тапшырбагандарга айып пул салынат. Анда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып каралган.

Маалыматка таянсак, 20-августка карата Мамлекеттик салык кызматы 2,7 млрд сом мүлк салыгын чогултту.

Анын ичинде:

– кыймылсыз мүлк салыгы боюнча түшүүлөр 1 млрд 155,6 млн сомду түздү. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 120,6 млн сомго көп;
– кыймылдуу мүлк салыгы боюнча түшүүлөр 574,8 млн сомго жетти. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35,3 млн сомго жогору;
– жер салыгы салыгы боюнча түшүүлөр 1 млрд 7,9 млн сом болду. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 129,2 млн сомго көп.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн