Бугу 09, 2024
Убакыт: 22:14
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

МСК 2023-жылы 249 млрд 403,9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

24.01.2024 12:14
674
МСК 2023-жылы 249 млрд 403,9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту


Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылы 249 млрд 403,9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.

МСКдан билдиришкендей, белгиленген план 3 млрд сомго ашык аткарылган. 2022-жылга салыштырмалуу 41,3 млрд сомго көп жыйналды.

Чогулган каражаттардын жалпы суммасынын 185 млрд 16,5 млн сомун салыктар жана төлөмдөр, 64 млрд 387,4 млн сомун камсыздандыруу төгүмдөрү түзөт.

"Салыктык башкарууну жакшыртуу жана күчөтүү, ошондой эле ишкерлердин онлайн тейлөөгө өтүшү максаттарга жетүүдө жана пландык көрсөткүчтөрдүн ашык аткарылышында негизги ролду ойноду.

Контролдук-кассалык машиналарды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды жана башка санариптештирүү долбоорлорун киргизүү жана колдонуу салыктарды чогултуу процессинин натыйжалуулугун кыйла жакшыртты", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, бул жыйынтыктарга жетишүүдө салык төлөөчүлөрдүн арасында салык мыйзамдарынын ченемдерин колдонуу жана санариптик салыктык кызматтарды пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү да маанилүү салым болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн