Бугу 15, 2024
Убакыт: 03:04
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

МСК кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялады

21.01.2024 11:13
911
МСК кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялады


Мамлекеттик салык кызматы ведомствонун кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялады.


Маалыматка ылайык, сынакта административдик мамлекеттик кызмат орундары башкы, улук жана кенже топторго тандалат. Резерв бир нече блоктон турат, анда жогорку билим профилине, иш стажына жана ар бир блокко карата тиешелүү чөйрөдө көндүмдөрдүн жана жөндөмдөрдүн болушуна талаптар коюлат.


Катышууну каалагандар талап кылынган документтерди тапшырып, компьютердик тестирлөөдөн өтүшөт. Тестирлөө этабында тийиштүү балл топтогондор аңгемелешүүгө чакырылат.


Бардык этаптардан ийгиликтүү өткөн талапкерлер кадрлар резервине киргизилет.


Документтер 31-январь саат 18:00гө чейин кабыл алынат. Толук маалымат, анын ичинде ченемдик-укуктук актылардын тизмеси, квалификациялык талаптар, керектүү документтер, документтерди кабыл алуу үчүн даректер ведомствонун сайтынажайгаштырылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн