Бугу 15, 2024
Убакыт: 10:25
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

МСК салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо планын 1,2 млрд сомго ашыкча аткарды

10.08.2023 15:02
404
МСК салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо планын 1,2 млрд сомго ашыкча аткарды


Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-июль айларында 135 млрд 728,6 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.

МСКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, белгиленген план 1,2 млрд сомго ашыкча аткарылган. Чогулган сумма 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,9 млрд сомго көп.

Чогулган каражаттардын ичинен 99 млрд 167,8 млн сом салык жана төлөмдөргө, ал эми 36 млрд 560,8 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүнө тийиштүү.

"Белгилей кетсек, контролдук-кассалык машиналарды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды жана башка инновациялык ыкмаларды киргизүү пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткарууга оң таасирин тийгизүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө айтылгандай. мындан тышкары, салыктык башкарууну күчөтүү, ошондой эле салык жол-жоболорун жакшыртуу аркылуу ушундай жыйынтыкка жетишүүгө мүмкүн болду. Ошондой эле, экономиканын ар кандай тармактарын системалуу талдоо жана мониторинг жүргүзүү – салык жыйноонун натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн