Бугу 10, 2024
Убакыт: 04:10
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

MVD, OPG, LOX, ZEK. Кыргызстанда өзгөчө тамгалар айкалышы менен мамлекеттик номерлерди чыгарууга тыюу салынды

10.11.2023 12:00
270
MVD, OPG, LOX, ZEK. Кыргызстанда өзгөчө тамгалар айкалышы менен мамлекеттик номерлерди чыгарууга тыюу салынды


«Унаа» мамлекеттик мекемеси менен Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан автоунаалар үчүн элге берүүгө жол берилбеген тамгалардын өзгөчө айкалышы менен мамлекеттик номурлардын тизмеси бекитилди.


Бул «Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жөнүндө» мыйзамдын талаптарын аткаруу максатында, автоунаа ээлерине мамлекеттик органдардын же эл аралык бирикмелердин аббревиатураларын билдирген, ошондой эле уятсыз же түшүнүксүз маанидеги сөздөрү бар тамгалардын өзгөчө айкалышы менен мамлекеттик номурларды берүүнүн алдын алуу максатында жасалган.


Төмөнкү мамлекеттик номурларды берүүгө болбойт: AKC, AKS, HER, LOH, LOX, MBD, MVD, MWD, OBD, OOH, OON, OVD, OWD, SEX, TJK, UBD, UVD, UWD, UZB, XEP, XUI, XUY, BOP, OPG, AUE, VOR, ZEK ж.б.


Буга чейин активист Данил Шувалов мамлекеттик органдарга кайрылып, алар өзгөчө комбинациялуу унаа номурларын сатып алуу кызматы аркылуу адепсиз маанидеги аббревиатураларга заказ берсе болот деп көңүл бурган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн