Бугу 09, 2024
Убакыт: 12:41
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Маалыматты тактабай жайылтуу кимге пайдалуу?

25.01.2021 11:17
714
Маалыматты тактабай жайылтуу кимге пайдалуу?

Акыркы эки-үч күндөн бери карай интернеттеги социалдык түйүндөрдө 20 жаштардагы жигиттин өспүрүм баланы мончонун ичинде күчкө салып зордуктаганы тартылып алынган видео кызуу талкууда болуп жатат. Ал видеону көргөн адамдын жан дүйнөсү аңтар-теңтер болору ырас. «Мынакей ашыкча демократиянын, ашыкча эркиндиктин жемиши» деп айтканга да негиз болот. Мындай көрүнүштөргө олуттуу көңүл бурулбаса, андай жоруктар коомдун бузулуп бараткан жаракасын дагы-да чоңойто берери ырас.

Бул жерде биздин айтайын дегенибиз башка. Ошол видеону жайылткандардын басымдуу бөлүгү «Окуя Кыргызстанда болгон» кыязында таратышты. Анан аны бөлүшкөндөр дароо эле «Кыргыз бийлиги кай жакты карап отурат? Эмнеге чара көрүшпөйт?» деп бийликти, тиешелүү укук коргоо органдарын күнөөлөштү.

Бирок, Бишкек ШИИБнин маалыматына таянсак, окуя Кыргызстанда болгон эмес. Бул тууралуу маалымат катчысы Улан Жумаков өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасында билдирди. «Издөө жана иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө видео Кыргызстанда тартылып алынбаганы белгилүү болду, бул факт биздин мамлекетке тиешелүү эмес», - дейт ал.

Ошол эле ИИМдин маалымат кызматы социалдык түйүндөрдө бул кылмышка тиешеси жок адамдардын сүрөттөрүн таратып башташканын билдирип чыкты. «Социалдык түйүндөр аркылуу жаш жигит тууралуу фотосүрөт жана аудио маалыматтар тарап жатат. Буга байланыштуу алдын-ала жыйынтык чыгарбоого чакырабыз. Бул инцидент Кыргызстанда болбогонуна бардык негиздер бар, ал эми видео бир жыл же эки жыл мурун тартылып алынган», - дейт ИИМдин маалымат кызматы.

Бул видео боюнча иликтөө дагы да уланып жатканы, кенен маалымат дагы да берилери айтылды. Демек, бул окуя биздин өлкөдө болгон эмес. Анда эмнеге биз өзүбүздү өзүбүз дүйнөгө шерменде кылууга мынча шаштык? Эгерде видео мындан 1-2 жыл мурун башка өлкөдө тартылып алынган болсо, алар эмне үчүн биринчи болуп өздөрү таркатып, өздөрү ызы-чууга түшкөн эмес? Балким, алар өз өлкөсүнүн кадыр-баркына көлөкө түшүргүлөрү келбеген чыгар? Биз болсо өзүбүзгө тиешеси жок видеону таратып, «Ушул окуя Кыргызстанда болду» деп кыйкырганга шаштык? Ошону менен эле тим калбай, таптакыр эле катыштыгы жок адамдардын сүрөтүн кошо чаптап тараттык. Мындай аракеттер менен күнөөсүз эле адамды күнөөлөп, анын тагдырына залака тийгизип койгонубузду сезген жокпузбу?

Дагы бир жагдайды айта кетели. Социалдык түйүндөрдө КР президентинин жана өкмөтүнүн алдындагы Иш башкармалыгынын алдындагы президенттин Түштүк резиденциясынын башчысы Санжарбек Төлөнбаевдин кызматтык кабинетинде жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун элеси чагылдырылган килемдин илинип турганы талкуу жаратты. Муну да ашыкча сындап, кошоматчылыктын жогорку үлгүсү катары сыпаттагандар болду. «С. Жапаров президент болору менен анын элесин килемге түшүрүп, илип алыптыр» дегендер чыкты. Көрсө, бул килем С. Төлөнбаев бул кызматка дайындалганга чейин эле жасалган экен. Анан аны кызматка дайындалып калгандан кийин алып келип илип койгон. Сандар мырза өзү да 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон. Демек, ал башынан эле С. Жапаровдун партиясында болгон.

Маалыматтын эркиндиги албетте маанилүү, бирок анын такталганы да өзгөчө мааниге ээ экенин унутпасак. Такталбаган маалыматтар менен адам тагдырлары талкаланышы мүмкүн. Такталбаган маалыматтар мамлекеттин аброюна көлөкө түшүрөт. Андыктан ар кандай маалымат таратарда, же бөлүшөөрдө анын чын-бышыгын аныктап алганыбыз туура болор.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн