Бугу 21, 2024
Убакыт: 22:37
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Маарекелик иш-чараларды өткөрүүнү оптималдаштыруу сунушталды

05.06.2020 10:12
874
Маарекелик иш-чараларды өткөрүүнү оптималдаштыруу сунушталды


Жогорку Кеңештин жыйынында “Маарекелик иш-чаралар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

 

Демилгечи депутат Зиядин Жамалдинов сунушталып жаткан мыйзам долбоору республикалык бюджеттен берилген финансылык каражаттарды рационалдуу жана максатка ылайыктуу пайдалануу үчүн маарекелик иш-чараларды оптималдаштырууга жана иретке салууга багытталгандыгын белгиледи.

 

“Жалпы улуттук, региондук жана корпоративдик маанидеги иш-чараларды өткөрүү үчүн маарекелик даталарды 50 жыл, 75 жыл, 100 жыл жана андан кийинки ар бир 25 жыл деп белгилөө сунушталууда. Өзгөчө учурларда гана президенттин чечими менен башка даталарда маарекелик иш-чаралар өткөрүлүшү мүмкүн”, – деди демилгечи депутат.

 

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорун колдоого алып, онлайн-форматта өткөрүү жагын да караштырууну сунуштады. Ошондой эле өсүп келе жаткан муун үчүн белгилүү ишмерлер тууралуу документалдык тасмаларды, телесюжеттерди көрсөтүү менен чектелүүнү демилгеледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн