Бугу 21, 2024
Убакыт: 13:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Балдардын психиатриялык бөлүмү жабылбайт, - Каратаев

14.08.2020 12:36
1032
Балдардын психиатриялык бөлүмү жабылбайт, - Каратаев


Республикалык психикалык ден соолук борборуна дерматовенерологиялык борбордун эмгек жамааты көчүрүлбөйт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. 


Министрликтин басма сөз кызматы маалыматына караганда, ал 13-августта  Республикалык психикалык ден соолук борборунун эмгек жамааты менен жолугушууга барды.


Иш-чаранын жүрүшүндө мекеменин кызматкерлери психикалык ден соолук жана дерматовенерологиялык борборлорун бириктирбөөнү суранышты. Мындан сырткары балдардын психиатриялык бөлүмүн кыскартпай, анын ишин оптималдаштыруу сунушун айтышты.


Мурдагы туура эмес жүргүзүлгөн реформанын натыйжасында Республикалык наркология борбору Республикалык психикалык ден соолук борборунун карамагынан чыгарылган болчу. Бул эки мекемени бириктирүү жолдорун карап бериңиздер”, - дешет кызматкерлер.


Эмгек жамаат менен болгон жолугушууда министрдин орун басары Мадамин Каратаев борбордун кызматкерлеринен түшкөн сунуш-пикирлерди угуп чыгып:  “Мен расмий түрдө билдирем. Республикалык дерматовенерологиялык борбор бул жакка көчүрүлбөйт. Балдардын психиатриялык бөлүмү жабылбайт. Анткени, мындай чечим расмий кабыл алынган жок. Талкуу гана жүрүп жатат. Наркоборборду Республикалык психикалык ден соолук борбору менен бириктирүү маселеси боюнча сунуш талкууланып, чечилет”, - деди. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн