Бишкек шаарында маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берилбейт. Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри Азиз Алымкулов 20-майдагы брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнө мурдагыдай эле тыюу салынат.
Алар:
1. Маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк жана эстелик иш-чараларын өткөрүү;
2. Көңүл ачуучу мекемелердин иши;
3. Балдар оюн-зоок жайлары, оюн аянтчалары;
4. Интернет-клубдар, компьютердик оюн жайлар;
5. Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү уюмдардын иши.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн