Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 18:37
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Маданият- бул өз тартиби менен үлгүлүү жашоо

15.01.2021 16:53
998
Маданият- бул өз тартиби менен үлгүлүү жашоо


Чектен чыгуу бир эки эле адамда гана болбойт, ар бир адам маданиятсыздыкты башынан өткөрөт, анан кайталагыс болот. Эгер экинчи ирет кайталаса анда өз дээринен. Кашыктап чогулткан абройду чакалап төгүп алуу бат эле. Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста. Көп сөз айткың келет, бирок ар бир сөздүн жообу, сурагы, тыйындын эки бети бар дегендей сөздөн сөз көбөйүп кете берет экен. Бирөөнө катуу айтайын десем, эртең бир жакшы күндөрдө жолугушасың, ошондуктан баардык маданиятсыз ката иштер маданияттуу жолу менен чечилсе экен деп тилек кылалы. Мен деле кичине кезимде маданиятсыздыктан тепки жегем☺️.

Айылга концерт келди. Адаттагыдай, короо-жайды тазалап, ата-энебизден тыйын сурап клубка жөнөдүм. Барсам концерт баштала элек экен. Башталгыча деп клубтун артына барсам, жайнаган топ балдар терезеден кирип атыптыр, мен да жөн турбай эшик турса тешиктен кирүүгө ашыга баштадым. Терезе бийик болгондуктан, астынан балтар көтөрүп, үстүндө балдар тартып алып, кыскасы ынтымак жолу менен кирип кетип жатышты. Э балдар мени да киргизип ийгиле десем эле бери кел деп көтөрүп өйдө көтөрүп, үстүндөгү балдар тартып алды. Чоң ырахматымды айтып, биринчи кадам таштаганда эле калкып барып жерге таш полго бетим менен бир түштүм, көрсө мен жерде экенмин деп бийик терезеден түз эле басып жөнөптүрмүн. Охх бетиим деп, ордуман күүнүп туруп атсам, бир байке бетке тээп калды, тура калсам ичке бир тепти, моокуму кангыча тепкилеп туруп караңгы жерден клубтун ичи жарыкты көздөй алып барып тур эми барып тээтиги ортодогу бош местага отуруп концерт көр деди. Ага да ырахматымды айтып эч сыр бербей барып отуруп кол чаап баштаганда, жанакы байке чуркап келип бир желкеге чаап туруп, көрүүчүлөргө уят кылып эшике чыгып кет десе болобу, кыраан каткы кол чабуу менен сыртка терезе менен кирип эшик менен чыгып кеттим. Сыртка чыксам мен эле эмес, мага окшоп тешиктен киргендердин баары, жанакы байкеден мендей таяк жеп, жанакы мен отурган отургучка отуруп, желкеге эл көзүнчө бир жер, кол чабуулар менен сыртка чыгып аткандар топтолуп бирин бирине көңүл айтып тургандар экен☺️ "Сен да ошондой болдуңбу?" деп каткырык болгондо гана окшошкондор экенибизди түшүндүм. Акча төлөп эле эшиктен кирсем, тынч отурмак экенмин деп, башты жерге салып үйгө жөнөдүм. Бирок андай жорукту экинчи кайталагыс болдум. Тиги тепкилеген байке деле мыйзамды так аткарып аткан экен да, бизди тарбиялап☺️

Азыр да маданият кызматкерлери, биринин артынан бири ээрчишип, таарынып сыйлык тапшыра бербегиле, кереги тийет, эртең эле чогу жакшылыктарда жүз көрүшөбүз.

Дастан Алдаяров, журналист, тамада

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн