Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 18:04
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча түзүлгөн коомдук кеңеш кандай кызмат аткарат?

24.05.2021 11:27
3038
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча түзүлгөн коомдук кеңеш кандай кызмат аткарат?

Үстүбүздөгү жылдын 22-майында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев бир катар коомдук–маданий, спорт жана жаштар саясаты ишмерлери менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, анда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдында атайын “коомдук Кеңеш” түзүү чечими кабыл алынды.

Кеңештин курамына театр, кино, кесиптик билим берүү, музей, китепкана, адабият, искусство, сүрөт, кол өнөрчүлүк, маданий мурас, музыка, маалымат, спорт, жаштар иштери боюнча тажрыйбалуу адистер кирди.

Министр Кайрат Иманалиев тармактын айрым аксап жаткан багыттарынын маселелерин алдын алуу жана аларга карата комплекстүү чара көрүүдө Министрликтин алдына алып чыгуу иштерин биргеликте ишке ашырууга белсенип жаткандыгын билдирди.

Министр маданият, спорт жана жаштар улуттун жүзү экендигин баса белгилеп, аталган тармактардын бардык күнгөй –тескейин “Жети–өлчөп, бир кесүү” максатында түзүлүп жаткан кеңеш келечекте өз жемишин бере тургандыгына ишенет.

Ошондой эле маалыматтык саясат мамлекет үчүн канчалык зор мааниге ээ экендигин акыркы окуялар тастыктагандыгынан сөз кылды. Мындан ары, аталган коомдук уюм белгилүү учурда атайын отурумга чогулуп, тиешелүү чечимдерди кабыл алып туруу принциби менен иш алып барат.

Өз кезегинде курамга кирип жаткан кеңешчилер министрликтин мындай демилгесин жапа тырмак колдой тургандыгын билдирип, орток максаттарды реалдаштырууда конструктивдүү кадамдарга бирге барууга даяр.

Белгилей кетсек, мындай Кеңешти түзүү кадамы Маданият министрлигинин тармактык иш алып баруусу кеңейип жаткандыгына байланыштуу.

Учурда министрликтин алдына маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик саясатты алып баруу милдети жүктөлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн