Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков эмгек жамаатка тааныштырылды

15.10.2020 13:13
611
Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков эмгек жамаатка тааныштырылды

Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси-министр Бактыбек Аманбаев Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалган Нуржигит Кадырбековду аталган министрликтин борбордук аппаратынын эмгек жамаатына тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, өкмөт Аппаратынын жетекчиси-министр Нуржигит Кадырбеков мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында дайындалганын белгиледи.

«Мамлекеттик жана муниципалдык жарандык кызматка жаңы кадрларды тартуу жана люстрация процессин тездетүү максатында премьер-министр Садыр Жапаров бир катар кадрдык чечимдерге кол койду. Ага ылайык, Нуржигит Кадырбеков Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды. Нуржигит Кадырбековичтин билим деңгээли жана маданиятты көтөрүүгө кошуп келе жаткан салымы эске алынды. Жаңы министрди баарыңыздар тааныйсыздар, чогуу иштешкенсиздер. Биргеликте мадания тармагын өнүктүрүүгө салым кошосуздар деген үмүттөмүн», - деди Бактыбек Аманбаев. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн