Кулжа 18, 2025
Убакыт: 15:54
USD
87.30
87.80
EUR
100.00
101.00
RUB
1.100
1.140

Маданият министри БУУнун туруктуу координатору менен жолукту

18.06.2025 10:24
20
Маданият министри БУУнун туруктуу координатору менен жолукту


Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту.


Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда тараптар Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруу алкагында кызматташуу маселелерин талкуулады. Айрыкча жаштарды колдоо, маданиятты өнүктүрүү жана маалыматка жеткиликтүүлүктү кеңейтүү багыттарына өзгөчө көңүл бурулду.


Жаштар саясатын ишке ашырууда күч-аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгү белгиленип, жаш муунду туруктуу өнүгүү процесстерине активдүү тартуу зарылдыгы айтылды. Тараптар жалпы максаттарга жетүүгө багытталган биргелешкен демилгелердин алкагында мындан аркы кызматташтыктын маанисин белгиледи.


Министр Бириккен Улуттар Уюмунун артыкчылыктуу багыттарды жүзөгө ашыруудагы ишенимдүү өнөктөш катары системалуу ролун, атап айтканда, жаштардын потенциалын өнүктүрүүдө, креативдүү индустрияларды колдоодо жана маданий мурасты сактоодо кошкон салымын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн