Бугу 05, 2024
Убакыт: 20:02
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Маданият министри: Кыргыз спортчусу социалдык тармактарда талкууланып жаткан форма менен Олимпиада оюндарына катышпайт

29.01.2022 16:31
1052
Маданият министри: Кыргыз спортчусу социалдык тармактарда талкууланып жаткан форма менен Олимпиада оюндарына катышпайт

Бүгүн, 29-январда Маданият, маалымат жана спорт министри Азамат Жаманкулов кышкы Олимпиада оюндарына бара турган кыргыз спортчусунун кийими тууралуу түшүндүрмө берди.


Анын айтымында, социалдык тармактарда талкууланып жаткан форма Гордеевдир Олимпиада оюндарына кие турган расмий формасы эмес.


"Урматтуу кыргызстандыктар, талкууланып жаткан спорттук кийим кышкы Олимпиада оюндарындагы Кыргызстандын расмий спорттук кийими эмес, жөн гана машыгуу учурунда кие турган кийими. Пекин шаарында өтө турган Олимпиада оюндарындагы Кыргызстан командасынын расмий спорттук кийимин Улуттук Олимпиада комитети бүгүн жарыялайт",- деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн