Бугу 05, 2024
Убакыт: 11:59
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Маданият министри Кытайдын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

19.07.2023 16:00
348
Маданият министри Кытайдын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолукту.

Ведомствонун маалымат кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 19-июлда Бишкекте өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен иш-чараларды өткөрүү аркылуу маданий чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө эки тараптын умтулуусун белгилешти.

Тараптар ошондой эле Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн элдеринин маданият жана искусство жылынын алкагында маданий иш-чараларды уюштурууну макулдашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн