Бугу 16, 2024
Убакыт: 19:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Маданият министри менен Кытайдагы элчи Мусаева жолугушту

10.10.2022 15:44
412
Маданият министри менен Кытайдагы элчи Мусаева жолугушту

Бүгүн, 10-октябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Актилек Мусаева менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.


Министр элчи айымды жылуу кабыл алып, аны кызматка дайындалышы менен куттуктап, мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди. 


Элчи өз кезегинде эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары жигердүү өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.


Андан соң, тараптар маданият, туризм жана кино тармагында кызматташууну өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулап, пландалган долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү жана эки өлкөнүн маданият жана туризм ведомстволорунун ортосунда үзгүлтүксүз байланыштарды кармап туруу боюнча макулдашышты.


-

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн