Бугу 14, 2024
Убакыт: 22:15
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Маданият министрлиги 2020-жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2021-жылдагы артыкчылыктуу пландарды талкуулады

12.02.2021 16:57
509
Маданият министрлиги 2020-жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2021-жылдагы артыкчылыктуу пландарды талкуулады

 Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жыл жыйыныгын чыгарып кеңейтилген курамда коллегия өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.


Коллегияны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Имааналиев ачып, 2020- жыл ичинде жасалган иш аракеттер жана 2021 – жылы жасала турган приоритеттүү багыттарга токтолду.


Кеңейтилген коллегияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарынын өкүлдөрү, министрликтин борбордук аппараты, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөр, мекеме жетекчилери, өлкө сыймыгы болгон маданият жана спорт тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү катышты.


Анда 2020- жылы дүйнө жүзүн каптаган короноврус инфекциясынын улам бир катар маданият иш- чаралар өтпөй калгандыгы айтылып, бирок ага карабастан, Министрлик бир катар иш-чараларды онлайн форматта өткөрүп, маданий иш-чаралардын деңгээли жана сапаты түшкөн жоктугу айтылды.


Пандемия шартында маданий мекемелер карантинге жабылганы менен кесиптик искусствону өнүктүрүү, китепкана, музей, театр, тарыхый маданий мурастар жана эл аралык байланыштар тармагынын иштери онлайн жана аралыкта үзгүлтүксүз иш алып баргандыгы баса белгиленди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн