Баш оона 22, 2025
Убакыт: 15:47
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.080
1.110

Маданият министрлиги 350 млн сомго иш-чараларды өткөрүүгө техникаларды сатып алды

19.08.2024 14:09
667
Маданият министрлиги 350 млн сомго иш-чараларды өткөрүүгө техникаларды сатып алды


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги чоң иш-чараларды өткөрүү үчүн жаңы техникаларды сатып алды.

Бүгүн техникаларды көрсөтүү учурунда министр Алтынбек Максүтов техникалардын жалпы баасы 350 млн сомду түзөрүн белгиледи.

Бул каражатка төмөнкү техникалар алынды:

  • сахна жана коммуникациялык жабдуулар;
  • жарык берүүчү жабдуулар жана жарыкты иштетүүчү приборлор;
  • LED-экрандар;
  • үн жабдуулары.

"Кыргызмаданият сервис" мамлекеттик ишканасынын директору Талант Ормушевдин айтымында, сатылып алынган фирмалык жабдуулар Кытай, Франция жана Германиядан алынып келинген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн