Бугу 05, 2024
Убакыт: 14:28
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Маданият министрлиги Моргенштерндин концертин өткөрбөө боюнча чара көрүүдө

16.06.2023 12:36
1525
Маданият министрлиги Моргенштерндин концертин өткөрбөө боюнча чара көрүүдө


Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги россиялык аткаруучу Моргенштерндин концертин өткөрбөө боюнча чара көрүүдө. Бул тууралуу министр Алтынбек Максутов бүгүн "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында билдирди.

Депутат Алишер Козуев чет элдик аткаруучулардын концертин министрлик көзөмөлдөп жатабы деп, рэп аткаруучу Моргенштерндин алдыда боло турчу концертине нааразычылыгын билдирди.

"Биз уюштуруучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биз сиздер менен толук макулбуз. Ага Россияда кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда анын концертин өткөрбөө боюнча чара көрүп жатабыз", - деп жооп берди Макустов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн