Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги YouTube сайтындагы “Эл билсин” каналын жетектеген өзүн журналист деп атаган Али Эргешовго эскертүү берди.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, 16-сентябрда аталган телеканалда “Чын эле 9 жашар кызга зордук-зомбулук көрсөткөнбү?” деген аталыштагы маалымат жарыяланган. [“9 жаштагы кызга чын эле ыдык көрсөткөнбү?”].
Ведомстводон билдиришкендей, билдирүү журналисттик ишмердүүлүккө байланыштуу мыйзамдардын талаптарын бузган.
«Жарыяланган видеодо башында кыздын апасынын сөзүнөн үзүндү, андан кийин 4 адамдын пикири топтолгон. Шектүү жакшы адам экенин айтышат. Бирок материалдын өзүндө бул адамдардын пикири толук пайдаланылган эмес. Бул автордун жабырлануучу тараптын дооматын жокко чыгаруу аракети. Кыскача айтылган мактоо сөздөр көрүүчүнү манипуляциянын курмандыгы кылып коюшу мүмкүн.
Материалды даярдоодо автор бир нече жолу угуучуларга өзүнүн пикирин таңуулаган. «Зордук-зомбулукка кабылган кыз ыйлайт, качып кетет, ызы-чуу салат» деп жыйынтык чыгарып, бул боюнча адистердин, эксперттердин, расмий мекемелердин пикирин укпай койгон. Бул жагдай материалдын бейтараптыгынан күмөн туудурат. Материал бир жактуу берилип жатат», — деп жазат Маданият министрлиги.
Министрлик Балдар кодексин сактоо зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары, журналисттердин этика кодексинде балдарга тиешелүү маселелерди чагылдырууда өзгөчө этият болуу керектиги жазылган.
Буга байланыштуу Маданият министрлиги видеоматериалды алып салууну талап кылып, жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн берүүнү өтүнөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн