Бугу 03, 2024
Убакыт: 20:27
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Маданият министрлиги кино индустриясын өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрдү

26.05.2022 07:52
1882
Маданият министрлиги кино индустриясын өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрдү



25-майда Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Кыргыз Республикасынын Президентинин улуттук кино индустриясын өнүктүрүү боюнча чыккан Жарлыгын улай улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргызстандын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча кино ишмерлери менен жыйын өткөрдү.  Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, иш-чарага кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев, Т. Океев атындагы Кыргыз Улуттук киностудиясынын директору Акжол Бекболотов, Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун төрагасы Айбек Дайырбеков жана башка белгилүү кино ишмерлери катышты.


Жыйын артыкчылыктуу багыттарды талкуулоо менен башталып, Азамат Жаманкулов кино ишмерлерине Жарлыкта белгиленген бир катар иш аракеттерди биргеликте жасоону, ар тараптуу жана толук кандуу иш алып баруу үчүн маселелерди ортого салуу максатында чогултуп жатканын айтып, жыйынга келген тараптарга ыраазычылык билдирди. 


Жыйындын жүрүшүндө:

- улуттук кинофильмдерди, сериалдарды, анимациялык фильмдерди өндүрүү үчүн каржылоо; 

- рыноктук принциптердин негизинде улуттук кинематографияны мамлекеттин колдоо системасын өркүндөтүү, өлкөгө чет жактагы кинокомпанияларды тартуу жана биргелешкен кинофильмдерди, сериалдарды жана анимациялык фильмдерди өндүрүүнү өнүктүрүү;

- экономиканын өзүнчө тармагы катары киноиндустрияны өнүктүрүү, заманбап жана жогорку технологиялык материалдык-техникалык базасы бар инфратүзүмдү калыптандыруу тууралуу сөз болду.


Мындан сырткары, 

- кинематография чөйрөсүндө кадр даярдоо, чыгармачыл ишмерлердин жана техникалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуунун натыйжалуу системасы;

- улуттук кинематографияны дүйнөлүк кинопроцесстерге интеграциялоо, кинопрокат системасын өнүктүрүү жана улуттук фильмдерди, сериалдарды жана анимациялык фильмдерди дүйнөлүк кино рынокто илгерилетүү үчүн шарттарды түзүү каралды. 


Ошондой эле, жыйындын алкагында 2023-жылдан баштап ар жылы Бишкек эл аралык кинофестивалын уюштуруу жана өткөрүү, жогорку билим берүү мекемелеринде "Кинематография" багыты боюнча окуп жаткан студенттерди колдоо максатында мамлекеттик стипендияны уюштуруу, өлкөнүн инвестициялык шарттарын жакшыртуу үчүн Кинематография департаментинин түзүмүндө кинокомиссиянын иш алып баруусу сындуу бир катар маселелер киноишмерлеринин талкуусуна койулду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн