Жалган курандын 19, 2024
Убакыт: 15:47
USD
89.40
89.87
EUR
97.20
98.20
RUB
0.960
0.990

Маданият министрлиги музыкалык окуу жайга 2,4 млн сомго музыкалык аспаптарды алып берди

01.12.2021 14:06
1731
Маданият министрлиги музыкалык окуу жайга 2,4 млн сомго музыкалык аспаптарды алып берди

Маданият жана искусство мектептерине музыкалык аспаптар тапшырылды. 


Бүгүн, 1-декабрда П. Шубин атындагы Борбордук музыкалык мектебинде Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан маданият жана искусство мектептерине грант катары музыкалык аспаптарды тапшыруу аземи өттү.  Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.


Ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень айым катышты. 


Тапшыруу аземинде Азамат Жаманкулов Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук ыйгарым укуктуу элчиси Дэвень айымга маданият жана искусство багытында бирге алып барып жаткан иш аракеттер жемиштүү болуп жаткандыгына токтолуп, мындан ары кызматташуунун бардык деңгээлинде иш алып даяр экендигин маалымдады. Биргелешип мындай аракеттерди көрүү менен, өсүп келе жаткан жаш муундарга, анын ичинде аймактагы маданиятты көтөрүүгө көмөк көрсөтүү, бул маданият тармагына кошуп жаткан кайтарымдуу инвестиция деп билсек болот, деп кошумчалады Азамат Жаманкулов.  


Өз кезегинде Ду Дэвень айым, ар бир жасалып жаткан иш аракеттер Маданият министрлиги тарабынан колдоого алынып келгендигин баса белгилеп, мындай кызматташуу уланат жана өз жемишин берет деп сөзүн улантты. Кытай Эл Республикасы Кыргызстан менен экономикалык жана гуманитардык байланыштар менен гана чектелбестен, маданий алакаларды бекемдөөсүн улантат. Ал байланышты Элчилик жана Маданият министрлигинин ортосундагы биргелешкен кызматташтыктын алкаганда жасала турган приоритеттүү жана келечектүү долбоорлор болушу керек, деп сөзүн жыйынтыктады Ду Дэвень айым. 

Андан соң, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы борбордогу жана аймактардагы окуу жайларга баасы 2 млн. 400 миң сомго турган музыкалык аспаптар салтанаттуу тапшырылды. Аспаптардын арасында фортепиано, саксафон, скрипка, кыл кыяк, флейта, гитара, өрүк комуз жана жетиген сындуу аспаптар бар.  


Мындан сырткары,  министр Азамат Жаманкулов менен элчи айым Ду Дэвень менен кыскартылган форматтагы сүйлөшүүлөр болуп, анда Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы дипломатиялык кызматташуунун 30 жылдыгына карата биргелешкен иш чаралар уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.


Өз кезегинде элчи Ду Дэвень айым, маданий алака менен бирге Министрликтин тармактарынын кеңейип жаткандыгын кубаттоо менен, спорт тармагында да кызматташуу ниети бар экендигин айтып, биргелешкен долбоорлорду алып барууну сунуштады

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн