Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 20:45
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Маданият министрлиги "Эркин-Тоо" басмаканасынын имаратын тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесинен мыйзамсыз чыгарган

Маданият министрлиги "Эркин-Тоо" басмаканасынын имаратын тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесинен мыйзамсыз чыгарган

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кызматкерлери “Эркин-Тоо” гезитинин имаратын тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесинен мыйзамсыз чыгарып салган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.


 "Эркин-Тоо" гезитинин жана китеп басып чыгаруучу ишканасынын имараты республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргизилгени такталган. Мыйзамга ылайык, тарыхый жана маданий мурас объекттерин бузууга, көчүрүүгө, калыбына келтирүүгө, өзгөртүүгө өкмөттүн уруксаты менен гана жол берилет.


"2015-жылы «Эркин-Тоо» ААКнын акционерлери Маданият министрлигинин кызматкерлери жана курулуш компанияларынын биринин өкүлдөрү менен келишим түзүп, аталган имараттын ордуна  көп кабаттуу турак жайларды куруу үчүн тарыхый эстеликтердин тизмесинен мыйзамсыз чыгарып салышкан. Ошол эле учурда, тиешелүү илимий-техникалык экспертиза жүргүзүлгөн эмес. "Эркин-Тоо" ААКнын имаратын тарыхый жана маданий эстеликтердин мамлекеттик тизмесине кайтаруу боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат", - деп билдирди УКМК.


 Эске салсак, 2016-жылы жарандык активисттер "Эркин-Тоо" басмаканасынын имаратынын архитектуралык баалуулугун жоготуу боюнча кыргыз өкмөтүнүн токтомуна каршы чыгышкан.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн