Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 03:32
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Маданият министрлигинин кызматкерлери эмгек акыларын COVID-19дан дарыланып жаткан жарандарга берди

21.07.2020 14:57
984
Маданият министрлигинин кызматкерлери эмгек акыларын COVID-19дан дарыланып жаткан жарандарга берди


Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кызматкерлери 1 күндөн 3 күнгө чейинки эмгек акысын COVID-19 илдетинен дарыланып жаткан жарандарга беришти. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, каражат пандемия шартында иш алып барып жаткан Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунда дарыланып жаткан жарандарга берилди. 


"Бекитилген алгоритимге ылайык, чогултулган каражатка кычкылтек баллондору, кычкылтек редукторунун комплектилери, кызыл аймак менен аралыкта сүйлөшүүчү рациялар, жеке коргонуучу шаймандар жана канцеляриялык товарлар менен камсыздады. 


Бул сыяктуу камсыздоону эми Маданият министрлиги үзгүлтүксүз улантат жана анын жүрүшү тууралуу маалыматарды расмий түрдө жарыялап турмакчы", -  деп айтылат маалыматта. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн