Бугу 01, 2024
Убакыт: 20:45
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Маданият жана спорт тармагына бөлүнгөн каражат кандай максаттарга жумшалары айтылды

18.08.2023 09:55
373
Маданият жана спорт тармагына бөлүнгөн каражат кандай максаттарга жумшалары айтылды


Маданият, искусство, спорт жана жаштар саясаты тармагынын потенциалын өнүктүрүү, ар бир чөйрөнүн жөндөмдүүлүктөрүн жемиштүү ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ишин жакшыртуу жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо максатында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен маданият, искусство жана спорт чөйрөсүнө 673 млн 515 миң сом бюджеттик каражат бөлүндү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги төмөндө бөлүнгөн каражатка кандай иштер жасала турганын тизмептеп берди:

- улуттук маданияттын жетишкендиктерин өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө пропагандалоого;
- чыгармачыл союздарга тапшырыктарды берүүгө;
- музыкалык аспаптарды сатып алууга;
- 40 райондук маданият үйлөрүнө музыкалык жабдыктарды сатып алууга;
- билим берүү мекемелеринин материалдык базасын чыңдоого жана окуу-усулдук басылмаларды чыгарууга;
- театралдык оюн-зоок мекемелеринде жаңы спектаклдерди сахналаштыруу, гастролдорду уюштурууга;
- улуттук жана концерттик костюмдарды сатып алууга;
- музыкалык жабдыктарды (үн күчөткүчтөр, жарыктандыруу ж.б.) сатып алууга;
- спорт тармагы боюнча иш-чараларды уюштуруп, өткөрүүгө жана спорттук шаймандарды сатып алууга;
- жаштар саясаты боюнча иш-чараларды уюштуруу, жаштар уюмдарынын долбоорлорун ишке ашыруу, ошондой эле бүткүл республика боюнча жаштар лидерлерин окутуу жана өнүктүрүү үчүн региондордо жаштар саясатын ишке ашырууга;
- инвентарлар жана медициналык жабдуулар менен камсыз кылууга;
- музыкалык жабдыктарды ташуу үчүн жүк ташуучу автоунаа алууга жумшалышы пландалууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн