Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 16:25
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Маданиятсыз маданиятчыларды коомдон четтетүү керек

14.01.2021 11:17
825
Маданиятсыз маданиятчыларды коомдон четтетүү керек

Эки-үч ырды дурусураак ырдап, элге аздыр-көптүр таанылып алгандан кийин эле өздөрүн жылдыз санап калган ырчы-чоорчулар көбөйдү. Ырас, мындай тенденция бүгүн эле башталган жок, өтө эле көп жылдар өттү. «Ээ кичине эсиңерге келгилечи, «жан жерим» деп кантип ырдасын? Ырыңардын текстин бир акындардын элегинен өткөрүп алгылачы» деген кеп-кеңештерге кулак салгылары келбейт. Ошентип отуруп азыркы ырдалган ырлардын 80-90%ы акыр-чикирге айланды. Же сөзү, же обону жүрөккө жетпейт. Катуу айтсак кечиргиле, жөн эле кооз кийинген короз-мекиштер ыйык сахнаны ээлеп алышты. Аларды маданият өкүлдөрү деп айтууга ооз барбайт. Же жүргөн жүрүм-турумдары маданияттуулукка жатпайт. Элдин көңүлүн өздөрүнө буруп туруу үчүн жеке жашоолорун да пиар кылганды адатка айлантышты. Ким менен сүйлөшүп, ким менен «махабат балын» татып жатканын деле өздөрү пиар кылып, кайра өздөрү жооп кылып эле убара боло беришет. Жарым жылаңачтанган кадимки эле көрүнүш болуп калды. Өзгөчө айым ырчылар. Алар ырына, талантына эмес, жөн эле дене мүчөсүнө эркектерди азгырып тургулары келгендей эле таасир калат. Азыраак сын айтылып, «жакшынакай эле кыргыздын кийимдерин кийип ырдабайсыңарбы» деген сөздөр айтылса, «Силер эскиче эле ойлоно бересиңер, заманбап ойлонбойсуңарбы» деп өздөрүн алдыда жүргөн адамдардай көрсөтүшөт.


Балким, эл өзү элеп алат, аларга эмне эле мынча асылып калдыңар деген да пикирлер болушу мүмкүн. Бирок, жаңыдан өсүп келаткан өспүрүмдөрдө элеп алуу деген сапат болбойт. Алар кудум кум сыяктуу бардык көрүнүштү өзүнө сиңире берет. Өспүрүм балдар эмес, чоң кишилердин арасында деле сунулган нерсенин баарын сиңире бергендер толтура. Натыйжада кандай коом тарбияланат?


Болуп жаткан бардык өзгөрүүлөр эле – бул алдыга карай өнүгүү болуп саналбайт. Мисалы, ошол эле обондуу ырлардын тексттеринин маанисиздиги, сөздөрүнүн чоркоктугу, обондорунун жеңил-желпилиги кантип алдыга карай өнүгүү болуп саналсын? Кантип эле жылаңачтануу, ит талап кеткендей  жыртылган кийимдерди кийүү өнүгүү деп саналсын? Же ошентип жүргөн адамдар дүйнөгө жаңы илимий ачылыштарды ачып жатабы? Ошолордун ырлары менен жүрүм-туруму коомду туура тарбиялоодобу? Эгерде улам ырлардын тексти чоркок болуп, улам кийинки ырчылар көбүрөөк жылаңачтана берсе, анда «жан жерине» жалбырак жамынып, «лю-лю-лю» деп кыйкырган тээ байыркы жапайы коомго тез эле кирип барабыз. Ошондо кантип өнүгүү тууралуу сөз кылууга болот?


Бардык нерсенин чеги болот. Бир гана Жараткандын кудурети, күчү чексиз. Калган нерсенин баары чектелүү. Маданият өкүлдөрү коомдун күзгүсү. Ошол элдин маданиятынын деңгээли маданият кызматкерлеринин деңгээли менен бааланат. Себеби маданият өкүлдөрү коомду тарбиялайт.


Жакындан бери ырчы Курал Чокоевдин «Ютуб» каналындагы бир көрсөтүүсү коомдун кызуу талкуусуна кабылды. Убагында «Ысык-Көлдө кадыр түн» конкурсунун баш байгесинин жеңүүчү аталган, маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинин ээси ал көрсөтүүсүндө көчөдө аракка тоюп алып, колу менен ар кимди «Ээ сени минтип коем» деп отурган аракечтей жорукту жасап отурганы кимге жакты? Көрсөтүүсүнүн аталышы эле эмне деген жорук? Орустардын оозго алгыс сөгүнгөн сөздөрүн кошуп сүйлөп, анан дагы чакырып алган коногун өтө эле пастык менен мазактап отурганы маданиятпы?


Макул, Европа өлкөлөрүндө, Россияда мындай берүүлөр бар дейли. Бирок, алардын менталитети менен кыргыз менталитети таптакыр башка экенин эске алуу керек. Деги эле менталитетти эске албаганда деле, башка элдердин жалаң тескери жактарын гана көчүрүп туурай бергенде болобу?


Коомчулук социалдык түйүндөр аркылуу Курал Чокоевду бул көрсөтүүсү үчүн жакшы эле тепкиледи. Бирок, бул аздык кылат. Мындай уятсыз «маданиятчыларды» коомдон четтетүү керек. Ошол көрсөтүүсүн Чокоевдин өзүнүн тууган-уруктары, үй-бүлөсү да көргөн чыгар. Ошондой жоругу менен ал өзүнүн балдарына кандай тарбия берип жатат? Деги эле анын «лайк» топтогондон башка кандай максаты бар эле? «Биз жашообузда ушинтип эле сүйлөйбүз да» дейт ал. Эгер өзү жана жоро-жолдоштору ошентип сүйлөсө эле элдин баарын өздөрүндөй ойлойбу? Же ортого бөтөлкө коюп алып сүйлөшкөн сөздөрдү жалпы элдин алдына чыгып алып деле сүйлөй бериш керекпи? «Баарыбыз ушинтип ачык эле сөгүнүп, бок ооздонуп сүйлөйлү» деген максаты барбы?


«Бул менин «ютуб каналым». Аны каалабагандар көрбөй эле койсун» деп чыкты адегенде. Биринчи кезекте Курал мырза өзү аздыр-көптүр элге таанылып калган маданият өкүлү экенин эске алышы керек эле. Анан анын алып чыккан көрсөтүүсүнө «Эмне деди болду экен?» деп кызыгып баш баккандар толтура боло турганын да түшүнүүсү керек болчу. Анын бул көрсөтүүсү кыргыз маданиятын көтөрбөй турганын, тескерисинче тебелеп-тепсей турганын билүүгө милдеттүү эле. Себеби ал мамлекеттик «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисинин ээси эмес беле.


Ал эми анын көрсөтүүсүнө барып алып, кошо жарыша сөгүнүп отурган эмгек сиңирген артист Кайрат Примбердиевдин жоругун эмне дейбиз? Эгер ал акыл-эстүү, маданияттуу болгондо «Курал досум, мунуң жарабайт. Эртең кантип элдин бетин карайбыз?» дебейт беле? Мындай 2-3 жыл мурун россиялык телеканалдагы «Голос» конкурсунда аны күйүп-жанып колдоп турган кыргызстандыктарды сыйлабайт беле. Ошол учурда «Кайрат Примбердиев жакшы сөгүнөт, уят-сыйытты жыйыштырып коюп сөгүнө алат» деп эл колдоп турган эмес. Эл аны «Биздин бала мыкты ырдай алат, мыкты ырдап жатат» деп сүрөгөн. Анан кыргыз бийлиги ага стимул болсун деп «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» ардактуу наамын ыйгарган. Же сыйлыкты алып алгандан кийин эле болдубу? Элди, мамлекетти сыйлоону токтоттубу?


Баарынан кызыгы «Булардын сыйлыктарын алсаңар, мен да сыйлыгымды тапшырам» дегендер чыкты. Демек, алар бул сыйлыктарга татыксыздар экенин өздөрү мойнуна алып жатат. Эч ойлонбостон туруп эле сыйлыктарын алып салууга болот. Себеби алар элди, мамлекетти, маданиятты эмес, сөгүнүп-сагынууну, маданиятты тебелеп-тепсөөнү колдоп жатышат.


Ушул көрүнүштүн баары маданият тармагына толук кандуу камкордуктун жана көзөмөлдүн жоктугунан улам келип чыгып жатат. Адегенде жеңил-желпи ырлар ырдалып чыкканда маданияттын алптарынын ыйлагысы келген. Акырындык менен андай көрүнүшкө жалпыбыз сиңип кирип кеттик. Эми Курал Чокоев «ютуб» каналы аркылуу оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп отурганына көз жуумп койсок, эртең дагы бирөө өзүнүн «ютуб» каналы аркылуу студияда ачык эле жыныстык катнашка бара баштайт. Ошентип баарыбыз малга айланып калабыз. Андыктан бүгүн ойлонбосок, эртең кеч болуп калат. Курал Чокоев, Кайрат Примбердиевдердин жоругу жолдо калсын!


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Золотой
Маданияттын тилин,дилин бузган атту баштуу,элге таанымал,тобосу корунгон инсандарды кылган жоруктары учун жоопко тартылыш керек.