Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, кыргыз театр искусствосунун талантуу режиссёру, Б. Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын көркөм жетекчиси Жадылбек (Жалил) Мидиновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, туугандары, замандаштары жана кесиптештери катышты.
Жадылбек Мидиновдун сөөгү “Ала- Арча” көрүстөнүнө коюлду.
Эске салсак, ал 2021-жылдын 8-августунда 65 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Кыргыз элибиздин чыгаан таланты, өзүнүн кайталангыс эмгеги менен улуттук маданиятыбыздын жана искусствонун кеңири катмарына таанымал болгон белгилүү режиссер, Жадылбек Мидиновдун жаркын элеси замандаштарынын, кесиптештеринин жана жакындарынын эсинде түбөлүккө сакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн