Бугу 15, 2024
Убакыт: 02:15
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

«Мадина» базарынын айланасына жаңы унаа токтотуучу жайлар уюштурулат

02.05.2023 09:54
277
«Мадина» базарынын айланасына жаңы унаа токтотуучу жайлар уюштурулат


Шаардык кызматтар «Мадина» базарында жыйын өткөрүштү.


Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, күн тартибинде тыгындарды чечүү, стихиялуу унаа токтотуучу жайларды, соода объектилерин жана жарнамалык структураларды иретке келтирүү каралды.


Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы соода объектилерин тартипке келтирип, Менделеев көчөсүндөгү жана базардын айланасындагы мыйзамсыз орнотулган курулуштарды бузууну колго алды.


«Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик башкармалыгына Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин алдындагы «Бишкек унаа токтоочу жай» МИсине андан ары бекитип берүү үчүн Менделеев көчөсүн бойлото унаа токтотуучу жайларды уюштуруу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды.


Бишкек шаарынын Патрулдук милиция кызматы башкармалыгы жогорудагы көчөдө стихиялуу унаа токтотууларды жоюу жана автотранспорттук кыймылды иретке келтирүү маселесин чечүүгө көмөктөшүп, өзгөчө көзөмөлгө алат.

 

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери жүргүзүлдү. Эми дагы 179 жарнама борбордун көркүн бузбайт.


Ошондой эле, Менделеев көчөсү 91 б жана 93 даректеринде жайгашкан мыйзамсыз орнотулган 2 бастырма алынды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн