Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 18:54
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Мадмаров Кореянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

26.02.2021 18:08
887
Мадмаров Кореянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту


Бүгүн, 26-февралда КР тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаровдун Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ха Те Ёк менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашып, Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы ар кандай чөйрөлөрдө практикалык өз ара аракеттенүүнү жана жана өнөктөштүктү мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги иш сапарлар менен алмашуу, анын ичинде парламенттер аралык байланыштар аркылуу саясий диалогду улантуу зарылдыгы белгиленди.

Мадмаров корея тарабына өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын турукташкандыгына байланыштуу өлкөлөрдүн тизмесинен Кыргызстанды чыгаргандыгы жана Кореянын Кыргызстандагы элчилиги Кыргызстандын жарандарына виза берүү иштерин жандандыра баштагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн