Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 00:02
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Мадумаров баштаган "Бүтүн Кыргызстан" милдетин аткара албагандыгы үчүн Министрлер кабинетинин отставкасын талап кылды

27.04.2023 13:37
218
Мадумаров баштаган "Бүтүн Кыргызстан" милдетин аткара албагандыгы үчүн Министрлер кабинетинин отставкасын талап кылды

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясы парламентке министрлер кабинетинин курамын толугу менен отставкага кетирүүнү сунуштады.


Буга өкмөттүн Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүгүн — 2023-жылдын 1-январынан баштап эң төмөнкү пенсия, пособие жашоо минимумунан кем болбосун деген норманы аткарбаганы себеп болгон.


Фракция министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн толук курамын ээлеген кызмат орундарынан бошотуу сунушу Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алган. Чечим төрагага жана тиешелүү тармактык комитеттерге да жөнөтүлөт.


Белгилей кетсек, өкмөт пенсия, жөлөк пулдарды жашоо минимумунан төмөн болбосун деген норма талаштуу деп Конституциялык сотко кайрылган. Депутат Адахан Мадумаров мунун себебин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон сураганда "төлөй албасак өлөлүбү" деп жооп берген.


Натыйжада Конституциялык сот "пенсия, пособие өлкө экономикасынын абалынан көз каранды, жашоо минимумуна жеткирүү боюнча Баш мыйзамдагы норма мамлекеттин сөзсүз аткара турган милдети эмес" деген бүтүм чыгарып берди.


Булак: "Спутник Кыргызстан"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн