Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров жана Абдил Сегизбаев шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына нааразылыгын билдирип, жыйынтыгын тааныбай турганын айтты.
Мадумаровдун айтымында, кыргыз эли өзүнүн кайдыгерлиги көрсөттү жана өз укугун колдонгон жок.
Ал эми Сегизбаев шайлоо жогорку кысымдын астында өткөнүн жана бирдей шарттар түзүлбөгөнүн айтты. Мындан сырткары ал күчтүү мамлекет куруу үчүн ар дайым өз командасы менен аракет кыла бере турганын кошумчалады.
Пикирлер (2)