Акыркы кезде социалдык тармактарда Бакай Кашкарбаев аттуу жаран Садыр Жапаровду колдоп, айрым саясатчыларды кескин сындап келет.
Буга чейин Кашкарбаев Адахан Мадумаровду да сындаган эле. Соцтармакта Мадумаровдун колдоочусумун деген Каныбек аттуу жаран Бакай Кашкарбаевге Мадумаров тууралуу ойлонуп сүйлөөсүн талап кылган аудиозапись тарады. Чалууда Мадумаров менен Садыр Жапаровдун биригүүсү боюнча да сөз болгон.
"Экөөнү бириккиле дешти. "Мен эгерде мыйзамды тебелейбей Конституцияны ыйык кармаса мен иштешкенге даярмын" деди го Садырга (ред. Мадумаров) Конституцияны тебелеген адам таза иштейт деп ойлойсуңбу сен? Садыр кандай иштегенин көрүп жатабыз. Кечээ сен Текебаевди сөгүп, Мадумаровду да сөгүп кеттиң. Антип адамдын аброюна шек келтирбе! Сөгүнбөй сүйлө", - деген Мадумаровдун колдоочусу.
Пикирлер (4)