Башкы прокуратура Адахан Мадумаровдун Москвадагы мигранттар менен жолугушуусу боюнча материалды Борбордук шайлоо комиссиясына жиберди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Мадумаровдун жолугушуусунда үгүт иштери катылган деген видеону БШКга жөнөткөн.
Мындан сырткары, Башкы прокуратурада шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу атайын штаб иш алып барып жатканы кошумчаланган.
Пикирлер (79)