Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:40
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Мадумаров Өзбекстанга жооп кайтарды

02.06.2020 15:48
2471
Мадумаров Өзбекстанга жооп кайтарды

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров “Азаттык” үналгысына берген маегинде Сох-Риштан жолун ачуу тууралуу маселе талкуулана электигин билдирди. Ал Сох-Риштан жолун ачыш үчүн эки тараптын макулдугу менен катар Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) эрежелерине туура келүү жөнүндө талап бар экенин белгилеген.


“Жолду ачуу маселеси эч убакта бир тараптуу чечилбейт. Сөзсүз түрдө экинчи тараптын макулдугу керек. Эгер Сохтун тургундары Өзбекстандын премьер-министрине маселе койсо, бул өкмөттүк деңгээлде чечилиши зарыл. Чечилгенде да экинчи тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен чечилиши керек. Ошондуктан бул маселе чечилди дегенден алыспыз. Бул сүйлөшүүлөрдүн негизги күн тартибине киргизилчү маселе. Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү, ал эми Өзбекстан бул уюмга мүчө эмес. Ошондуктан чек ара аймактары, соода-сатык маселеси ЕАЭБ тартибинин жана эл аралык келишимдердин негизинде каралат. Бүгүнкү күндө талкуулана элек”, - деген ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Сох районунун тургундары менен жолугуп жатканда Сох-Риштан жолу жакынкы күндөрү ачыла турганын билдирген. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Туратов Болотбек
Ошондо. Дагы канча убакка ачылды же дайыма ушинтип урушуп журо беребизби?