Бугу 13, 2024
Убакыт: 02:54
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Мадумаровдун уулу бир жылдык мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылды

05.11.2023 11:30
407
Мадумаровдун уулу бир жылдык мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылды


2-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту 31 жаштагы Нурмухаммед Адаханович Мадумаровду бир жылдык мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратты.


Соттун аныктамасында айтылгандай, Н.Мадумаровго карата Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын Аламүдүн району боюнча инспекторлору тарабынан протокол түзүлдү. Анда ал 29-октябрь күнү мас абалында “Форд Фьюжн” үлгүсүндөгү унааны айдап бара жаткандыгы айтылган.


Сотто Н.Мадумаров күнөөсүн мойнуна алып, кылган ишине өкүнүп жатканын билдирген.


Жыйынтыгында ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 193-беренесинин 1-бөлүгү («Айдоочунун транспорт каражатын алкоголдук, баңгизат, психотроптук жана башка мас абалында башкаруусу») боюнча күнөөлүү деп табылды.


Нурмухаммед Мадумаров - Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Маудмаровдун ("Бүтүн Кыргызстан") уулу. Саясатчынын баласынын наркологиялык экспертизадан өтүп жаткан сүрөтү социалдык тармактарга тарады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн