Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:59
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Маевкада дүкөндү тоногон жаран кармалды

15.11.2021 13:08
563
Маевкада дүкөндү тоногон жаран кармалды

Маевка айылында дүкөндөн акча жана азык-түлүк уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун ИИБне Маевка айылынын У.Н. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 7-ноябрында дүкөндөн акча жана азык-түлүктөрдү уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.


Келтирилген зыяндын көлөмү аныкталууда.


Аталган факты Аламүдүн райондук ИИБнин КЖБР КР Кылмыш-жаза кодексинин 200 (Уурдоо) беренесинин негизинде катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.


Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИББнин Криминалдык милиция кызматкерлери жана Аламүдүн районунун ИИБнин кызматкерлери тарабынан мурда соттолгон 26 жаштагы И.У. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Учурда милиция кызматкерлери бул адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогун текшерүүдө.


Сотко чейинки териштирүүлөр улантылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн