Бугу 17, 2024
Убакыт: 22:26
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Махабат Мавлянова: “Маалыматты манипуляциялоо” мыйзамын өз ыктыярым менен колдодум (маек)

27.06.2020 17:17
1888
Махабат Мавлянова: “Маалыматты манипуляциялоо” мыйзамын өз ыктыярым менен колдодум (маек)

 

Жогорку Кеңештин 25-июндагы жалпы жыйынында коомчулуктун, ошол эле маалда депутаттардын кызуу талкуусун жараткан “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” Гүлшат Асылбаева демилгелеген мыйзам долбоорун кабыл алып берди. Журналисттер жана интернет колдонуучулар бул мыйзамдын кабыл алынышы менен сөз эркиндиги “көмүлдү” деген пикирлерди айтып жатышат. Аталган мыйзамды колдогон эл өкүлдөрүнүн бири, парламент депутаты Махабат Мавлянова “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине өзүнүн пикирин билдирди.


- Интернет ресурсу пайда болгонго чейин биз маалыматтарды гезит-журналдар, радио жана телекөрсөтүүлөр аркылуу алып келгенбиз да. Андагы жарыяланган маалыматтардын бардыгы туура, чындыгы бар жана текшерилип чыгарылганына ынанчубуз. Анткени, аларда жооптуу редактор деген болгон жана ар бир материал үчүн жоопкерчилик алышчу. Азыркы учурда болсо интернет мейкиндигиндеги кабарлар бизге маалымат ресурсу болуп калды. Айырмасы мурда кагаздан окуп келсек, учурда электрондук түрдө окуй алабыз. Бирок азыр ар бир жаран социалдык тармактар аркылуу ар кандай мүнөздөгү маалыматтарды жарыялап жатпайбы. Мисалы, жылкылар жугуштуу оорулар менен ооруп жатканы тууралуу такталбаган маалыматты жазып, элди дүрбөтүп жиберишти. Албетте, ар бир адам өзүнүн каалаганын айтып же жазууга укуктуу, бирок ошол эле маалда жоопкерчилигин сезиши керек. Маалыматтын бардыгы туура, чындыгы бар, жалган эмес жазылганы жалпыбызга пайдалуу болот. Ошол максатта жазылган жана кабыл алынган мыйзам долбоору деп санасак болот. Ошондуктан мен эч кандай тескери жактарын көргөн жокмун. Жеке мен өзүм колдоп бердим. Ар бир жаран чындыкка ээ болгон негиздүү маалыматты укканы маанилүү. 


- Демилгечинин айтымында, мыйзамда кылмыш жоопкерчилиги, административдик жоопкерчилик, керек болсо айып пул санкциялары жок экен. Өзүнүн атын, фамилиясын жана электрондук дарегин көрсөтүшү керек деген гана норма жазылыптыр. Андай болсо эмне үчүн мынча көп каршылыктар пайда болду деп ойлойсуз?


- Менин оюм боюнча, түшүнбөстүк болуп жатат. Сөз эркиндиги менен жалган маалыматтан коргоо – экөө эки башка нерсе. Бул мамлекеттик органдарга эле эмем, ар бир жаранга керек деп ойлойм. Маселен, бир үй-бүлө мүчөсү тууралуу жалган маалымат чыккан болсо, ал үй-бүлөнүн ажырашуусуна чейин жеткириши мүмкүн. А бирок ошол маалыматты чыгарган автордун жоопкерчилиги калып калат. Мындан тышкары фейктердин аты менен террористтик топтордун билдирүүлөрү, чакырыктары орун алып жатат. Айрыкча Орто Азия өлкөлөрүнө жакын Сирия, Ирак, Афганистан мамлекеттеринде террористтик уюмдар көп эмеспи. Мына ошолордун артыныда турган фейктер абдан көп.       


- “Жогорку Кеңеш мыйзамды тез аранын ичинде шашылыш кабыл алып койду, коомдук талкууда дагы аз гана убакыт турду. Муну менен мыйзамды кабыл алуу процедуралары бузулду” деп ошол эле парламенттин айрым депутаттары айтышты. Чын эле ошондой болдубу?


- Жок. Тиешелүү нормалардын баары эле сакталды. Коомдук талкууга качан коюлду, канча убакыт турду жана башка юридикалык жактарын, даталарын кызыккан киши карап алса болот.


- Айрым маалымат каражаттары “депутат Асылбек Жээнбеков бул мыйзамдын кабыл алынышына кызыкдар болгон, өзү көзөмөлгө алып, депутаттарга көрсөтмө берди” деген маалымат таратып жатат. Чын эле Асылбек Шарипович тараптан кысым болдубу?


- Андай сөздөрдү мен уккан жокмун. Башка депутаттар жөнүндө айта албайм, бирок жеке мен өз ыктыярым менен колдодум.


- Журналисттерди коргоо уюму жана бир катар коомдук уюмдар бул мыйзамга президентти вето коюуга чакырып жатат. Сиздин оюңуз боюнча президент кол койбой коюшу мүмкүнбү?


- Мен аны айта албайм. Бирөөнүн ою жөнүндө жооп берүүгө укугум да жок. КМШ мамлекеттеринин ичинен сөз эркиндиги боюнча Кыргызстан биринчи орунда турат. Анын чектелишине эч ким жол берген жок жана берилбейт дагы. Ошондуктан өтө кабатырлануунун кажети жок деп эсептейм.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн