Депутат Махабат Мавлянова жаратылышты коргоо кызматтарын борбор калаанын, жалпы эле өлкөнүн абасынын булгануу себептерин аныктоого чакырып, көйгөй кышында гана эмес, жайында да курч бойдон калып жатканына токтолду.
Депутат мындай сунушту бүгүн, 20-майда “Руанда Республикасынын Кигали шаарында 2016-жылдын
15-октябрында кабыл алынган Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль
протоколуна түзөтүүнү ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзамдын долбоорун кароо
учурунда билдирди.
Андан тышкары, өндүрүш мекемелеринде
зыяндуу заттардын отун катары пайдаланышы абанын булгануусунун бир фактору
экенин белгилеген эл өкүлү Мамлекеттик экотехинспекцияны экологиялык
коопсуздукка көзөмөлдү күчөтүү менен жогорку технологиядагы чыпкалоочу
жабдууларды орнотуу маселесине көңүл бурууга үндөдү.
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү абанын булганышынын негизги булагы болуп автоунаа каражаттары, жеке секторлор, мончо жана турак-үйлөр эсептелерин кошумчалады.
Талкуу соңунда мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн