Бугу 16, 2024
Убакыт: 22:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Махмудов, Шаршенбеков. Кыргызстандык балбандар Олимпиада оюндарына сапар алды

27.07.2021 08:55
1117
Махмудов, Шаршенбеков. Кыргызстандык балбандар Олимпиада оюндарына сапар алды


Бүгүн, грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык курама командасы Токиого сапар алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.


Спортчуларды Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттике караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Алибек Ташматов, күрөш бөлүмүнүн куратору Азамат Бекмурзаев, Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Канат Бегалиев жана федерация өкүлдөрү, балбандардын жакындары, достору жана күйөрмандары узатууга келишти.


«Пекин 2008» жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Канатбек Бегалиев: «Силердин мындан аркы ийгилигиңер өзүнөрдөн көз каранды. Жалпы кыргыз эли силерди колдойт! Жолуңар байсалдуу болуп, байгелүү келишиңиздерге тилектешмин»,- деп билдирди.


Грек-рим күрөшү боюнча курама команданы улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркинбаев жетектейт.


Белгилей кетсек, биринчилерден болуп 1-августта саат 8:00 до, 60 кг салмака чейинкилер арасында Жоламан Шаршенбеков килемге чыгат. Ал эми 2-августта 77 жана 97 кг салмака чейинкилер арасында Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков өлкө намысын коргомокчу. 3-август саат 8:00 до, 87 кг салмака чейин Атабек Азизбеков дүйнөнүн мыктылары менен күч сынашат.


Алга Кыргызстан! Чамда Кыргызстан!



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн