Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 11:35
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Максат Алмаз уулу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси болду

09.07.2024 17:45
317
Максат Алмаз уулу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси болду


Максат Алмаз уулу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.

Мамкурулуштан билдиришкендей, ал буга чейин Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеп келген.

Ал эми жетекчинин орун басары болуп Токтогулов Адыл Касымбекович дайындалды.

"Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы 2024-жылдын 12-июнунда Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн. Ишкана социалдык объектилерди курууда башкы подрядчик катары иш алып барат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн