Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 17:53
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Максат Мамытканов Мадумаровду Ысык-Көлдө коштоп жүрүүгө даяр

18.12.2020 13:11
616
Максат Мамытканов Мадумаровду Ысык-Көлдө коштоп жүрүүгө даяр

Шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчысы, вице-премьер-министр Максат Мамытканов президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун Ысык-Көл облусуна болгон үзгүлтүккө учураган сапары тууралуу маалыматка комментарий берди.


Буга чейин Мадумаров Ысык-Көлдө үгүт иштерин баштоого ниеттенип жаткандыгын, бирок анын командасындагы жигиттер коркутуп-үркүтүүлөргө туш болушканын айткан. "Эгерде силер бир талапкер үчүн үгүт иштерин жүргүзбөсөңөр, анда биз үйлөрүңөрдү өрттөп салабыз" деп талапкер өзүнүн тарапташтарынын сөзүн келтирген эле.

Мамытканов өз кезегинде талапкер Мадумаров жөнүндө маалыматты облустук бийликтен сурагандыгын билдирди.


"Эч кандай тоскоолдуктар болгон жок, ал өзү бул жакка келген жок деп жатышат. Эгер ал Ысык-Көл облусуна келем десе, келсин. Алдын ала билдирип койсун. БШК буга чейин териштирүү үчүн комиссия жиберген. Тоскоолдуктар болбошу керек, бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү керек. Эгер коркунуч болсо, анда биз коопсуздукту камсыздайбыз. Мага айтсын, мен аны менен кошо келем, ошол жерде болом", - деди вице-премьер-министр Караколдо журналисттерге берген маегинде.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн